Нарында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

18-март күнү саат 17:30 чамасында Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн күчү Кочкор районунун Арсы, Кара-Тоо, Кочкор, Семиз-Бел айылдарында 4 балл, Чолпон, Туз, Кара-Күңгөй, Саз, Орто-Токой айылдарында 3,5 балл болду.

Ал эми Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Тоң районунун Ак-Өлөң айылында 3 балл, Оттук айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>