Нарында катуу жамгырдан кийин турак үйлөрдү суу каптады

Нарында катуу жамгырдан кийин турак үйлөрдү суу каптады

Нарын шаарында 3-июнь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин коктулардан суу түшүп,  турак үйлөрдүн короолорун, чарбалык курулуштарды жана унаа жолдорду сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Кырдаалдын кесепеттерин жоюу максатында жалпы 48 куткаруучу жана 10 инжинердик техника тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында 15 турак үйдүн короо-жайлары кум шагылдан тазаланган. 4-июнь күнү селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улантылат. Каза болгондор жана жабыр тарткандар жок. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>