Site icon Reporter.kg

Нарында кой кезүүгө кеткен ата-бала менен көпүрөдөн секирген кызды издөө уланууда

Нарында дайынсыз жоголгон ата-баланы жана көпүрөдөн секирген өспүрүм кызды издөө иштери улануда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Жумгал районунда кой кезүүгө кетип дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө бүгүн, 11-ноябрда жалпы 33 адам чыкты. Алардын катарында ӨКМден 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 18 адам бар.

Эскерте кетсек, Жумгалдын Өрнөк айылынын 49 жаштагы тургуну Болот Карыпбеков менен 9 жаштагы уулу 16-октябрда кой кезүүгө кетип, кийинчерээк байланышка чыкпай калышкан. ӨКМ билдиргендей, ата-баланын дайынсыз болуп жатканы тууралуу аларга 19-октябрда кабарланган. Издөө иштери ошол күнү башталып, ата-бала азыркыга чейин табыла элек.

Алардын атынын өлүгү Көкөмерендин жээгинен табылгандыктан, ата-бала сууга агып кеткен деп болжолдонууда.

Ошондой эле Нарын шаарында көпүрөдөн Нарын дарыясына секирип кеткен 17 жаштагы кызды издөө иштерине 11 куткаруучу чыккан. Ал 2-ноябрдан бери изделүүд.

Exit mobile version