Нарында коронавирус жуктуруп алган 15 адамдын сегизи жаңы төрөгөн келиндер

Нарында коронавирус жуктуруп алган 15 адамдын сегизи жаңы төрөгөн келиндер

4-май күнү Нарын шаарында COVID-19 илдетин жуктуруп алгандыгы аныкталган  15 бейтаптын сегизи жаңы төрөгөн аялдар. Бул тууралуу Республикалык штабдын басма сөз кызматы билдирет.

Бардык бейтаптар Нарын облустук бириккен ооруканасына (НОБО) жаткырылды, алардын ичинен, медицина кызматкери -1, жаңы төрөгөн аялдар — 8, туугандары менен байланышта болгондор — 6. Бардыгынын абалы канааттандыраарлык.

облустук оорукананын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн 8 аял ымыркайлары менен, 7 кош бойлуу аял көзөмөлдө. Оорукана толук дезинфекцияланып, персоналдар алмаштырылды жана Бишкектен 2 акушер-гинеколог жардамга жөнөтүлдү.

НОБО төрөт бөлүмүндө бардыгы болуп 11 медициналык кызматкер (акушерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер) коронавирус илдети менен ооруган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>