4-май күнү Нарын шаарында COVID-19 илдетин жуктуруп алгандыгы аныкталган 15 бейтаптын сегизи жаңы төрөгөн аялдар. Бул тууралуу Республикалык штабдын басма сөз кызматы билдирет.
Бардык бейтаптар Нарын облустук бириккен ооруканасына (НОБО) жаткырылды, алардын ичинен, медицина кызматкери -1, жаңы төрөгөн аялдар — 8, туугандары менен байланышта болгондор — 6. Бардыгынын абалы канааттандыраарлык.
облустук оорукананын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн 8 аял ымыркайлары менен, 7 кош бойлуу аял көзөмөлдө. Оорукана толук дезинфекцияланып, персоналдар алмаштырылды жана Бишкектен 2 акушер-гинеколог жардамга жөнөтүлдү.
НОБО төрөт бөлүмүндө бардыгы болуп 11 медициналык кызматкер (акушерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер) коронавирус илдети менен ооруган.