Site icon Reporter.kg

Нарында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 12-майда таңкы саат 07:33тө өлкө аймагында очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Силкинүү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя айылдарында 4 баллга чейин сезилген.

ӨКМ учурда жеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Exit mobile version