Site icon Reporter.kg

Нарында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Нарын облусунда 19-мартта күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жер титирөө саат 19:16да болгон. Ал Ат-Талаа районунун Кара-Ой, Кадыралы, Жаңы-Талап айылдарында 4 баллга, Ак-Кыя айылында 3,5 балл, Баетов айылында 3 балл болуп сезилген. Ал эми Нарын районунун Учкун, Ак-Кудук, 8-Март айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Exit mobile version