Нарында Лимонти каймана аты менен бегилүү кримтөбөлдү моюнга сайып, өлтүрүп кетишти

Нарында Лимонти каймана аты менен бегилүү кримтөбөлдү моюнга сайып, өлтүрүп кетишти

Нарында Лимонти каймана аты менен белгилүү кримавторитет Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 28-мартта Нарында түшкө маал болгон. Учурда шектүү кармалып, камакка алынды.

“Лимонтини” 2000-жылдары өлтүрүлгөн Имаш аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнүн жакыны өлтүргөн. Шектүү сөөктү машинеге салып милицияга өзү келген. Шектүү маркумду бычак менен моюнга сайган.

Сулайманов 2013-жылы да Казакстандын Алматы облусунан кармалып, Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Ал бир нече кылмыштарга шек саналып соттолгон. Кийин жатак абакка которулганы кабарланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>