Site icon Reporter.kg

Нарында милиция кызматкери асынып алды

Нарын облусунда милиция кызматкери асынып каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиционердин сөөгү кечээ, 18-январь күнү өзүнүн үйүнөн табылган.

Ал 1987-жылы туулган. Нарын облустук ички иштер башкармалыгында бир взводдун командири болчу. Милиция иликтөө иштерин баштады.

Кийинчерээк облустук милиция окуянын чоо-жайы тууралуу айтты. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version