Нарында милиция кызматкери асынып алды

Нарын облусунда милиция кызматкери асынып каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, милиционердин сөөгү кечээ, 18-январь күнү өзүнүн үйүнөн табылган. Ал 1987-жылы туулган. Нарын облустук ички иштер башкармалыгында бир взводдун командири болчу. Милиция иликтөө иштерин баштады. Кийинчерээк облустук милиция окуянын чоо-жайы тууралуу айтты.  Биздин Телеграм каналга катталыңыз