Нарындагы “Болот” соода-базар комплексинин ээси, Кочкор райондук кеңештин мурдагы депутатынан курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактагандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, аталган жаран алдамчылыкка шектелүүдө. Тинтүү учурунда анын мыйзамсыз сакталган курал-жарактары, МП-155 үлгүсүндөгү мылтыгы, анын октору, Калашников автоматынан 5х45 калибриндеги ок-дарылары жана ошондой эле “Болот” соода-базар комплексинине тиешелүү документтер табылып алынды.
Аны менен катар Б.Б.нын наамына берилген КР ИИМ кызматкеринин 2 күбөлүгү жана Кочкор айылдык кеңешинин депутатынын бир күбөлүгү табылып алынды. Ошондой эле, КР ИИМде катталган 2006-жылкы “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү унаанын техникалык паспорту да табылып алынган.