Нарын облустук оорукананын травматология жана ортопедия бөлүмүнүн башчысы К.Т.С. пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кармалган кызматкер аталган облустун тургуну К.У.Т. дан анын атасына жасалган операция үчүн 90 миң сомду опузалап талап кылган.
Соттун чечими менен кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.