Нарында пиротехникалык заттарды саткан дүкөндөр текшерилүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери «Укук тартип» аталышындагы рейд өткөрүүдө. Анын алкагында районунун аймагында жаны — жылдык майрамдык иш-чараларга даярдык көрүүдө жана өткөрүү мезгилинде кылмыштуулуктун алдын алуу багытында иш алып барышууда.
Ошондой эле эпидемиологиялык абалга байланыштуу той-аштарды, кечелерди жаны-жылдык майрамдык иш чараларды өткөрүүгө тыюу салынгандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Мындан сырткары жаңы-жыл майрамдын алдында пиротехникалык заттарды саткан дүкөн жана соода кылуучу жайлар текшерилип, кечки рейддер өтүүдө.
[su_image_carousel source=»media: 52694,52695,52696,52697,52698″ crop=»none» autoplay=»4″]