Site icon Reporter.kg

Нарында текшерүү учурунда 7 баладан кургак учук аныкталды

Нарын облусунда балдарды кургак учукка каршы массалык текшерүү иштери жүргүзүлдү. Социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдөн 3825 баланы жана мигранттардын балдары текшерилди. Бул тууралуу USAID билдирди.

Маалыматка ылайык, 4 жаштан 12 жашка чейинки балдар текшерүүдөн өткөн. 174 балага Манту сынамасы оң жыйынтык көрсөткөн. Андан соң кошумча рентгендик изилдөөлөр жүргүзүлүп, 7 балада кургак учук аныкталган.

USAIDдин маалыматы боюнча, алар учурда Бишкектеги Улуттук фтизиатрия борборунда дарыланууда. Тогуз бала профилактикалык химиотерапия алды. Мындан тышкары кургак учукка да текшериле турган байланыштагы адамдар аныкталды.

Exit mobile version