Site icon Reporter.kg

Нарында токой фондунан 208 га жер мыйзамсыз менчиктештирилген

Жерге жайгаштыруу тармагындагы коррупциялык иштер боюнча токой чарбасынын мурдагы директору жана Нарын кадастрынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын токой фондусунан, болжолдуу баасы 1 млрд 168 млн сомду түзгөн, аянты 208,7 га жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү жана ижарага берүү фактысы аныкталган.

Алсак, 2016-жылдын июнь айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Нарын токой чарбасынын директору Ш.У.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, келишим түзүү жолу менен атасы Б.Ш.га токой фондусунун жалпы аянты 208,7 га жер участогун 45 жылдык мөөнөткө ижарага берген. Ошол эле жылы бул жер тилкесинде У.Ш. тарабынан эч кандай документтери жок үй жана кошар курулган. Андан кийин У.Ш. өзүнүн иш-аракеттерине мыйзамдуулук берүү максатында Нарын райондук сотунун төрагасы Э.М. менен кылмыштуу бүтүм түзүп, 2017-жылдын 3-апрелинде Б.Ш. турак үйү жана курулмалары бар 356,4 м2 жер участогунун менчик ээси деп таануу жөнүндө соттун чечимине жеткен.

Андан ары ошол эле жылы соттун чечиминин негизинде КР министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Нарын филиалынын кызматкери Ж.М. менен тил табышып, У.Ш. 1393,57 м2 жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алган, бул Нарын райондук сотунун чечиминде көрсөтүлгөн жер тилкесинин өлчөмүнөн бир топ ашып кеткен.

Ушул жылдын 25-октябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, аталган У.Ш. жана Ж.М.га карата 27-октябрда Нарын шаардык сотунун чечими менен бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында 208,7 гектарды түзгөн аталган жер тилкеси имараттары жана курулуштары менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version