Site icon Reporter.kg

Нарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды — видео

Нарын облусунда опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Жумгал районунун 1964-жылы туулган тургуну А.К. ички иштер органдарына арыз менен кайрылган.  Ал 2022-жылдын май айында “К” аттуу  жаран жабырлануучунун үйүнө келип, ар кандай шылтоолорду айтып, 60.000 миң сом акча каражатын опуза талап кылып,  бербесе  башкача жол менен аламын деп коркуткан.

Жабырлануучу акча жок экендигин айткан, ал 45.000 миң сом бересиң деп кеткен жана жабырлануучу коркконунан  30.000 сом алып барып берген. Ал “К” аттуу жаранга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты 2022-жылдын 5-сентябрь күнү Нарын ОИИБ тарабынан каттоого алынып, кылмыштын белгилери байкалгандыктан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ( Опузалап талап кылуу) менен иш козголгон.

ИИМдин КИББдин 3–башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмыш иши боюнча шектүүнүн өздүгү аныкталган.

Ал Жумгал районунун 1983-жылы туулган С.К.  аттуу тургуну экендиги маалым болгон. Шектүү жаран тергөө кызматына жеткирилген. ИИМдин КИББдин 3-башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн маалыматы боюнча шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version