Нарында жаңы оорукананын курулушу жарымдады

Нарында жаңы оорукананын курулушу жарымдады

Нарын шаарындагы эксперименттик тез курулуучу ооруканасынын курулуш иштери 55% бүткѳрүлдү. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 
Объекттин курулушу август айында 2020-жылы башталган. Ал эми долбоордук кубаттуулугу 70 орунга эсептелген. Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондунун эсебинен жүргүзүлүүдө, курулуш башталгандан бери 45 млн сом акча каражаты каржыланды.

Подряддык уюм тарабынан жумуш жүргүзүлүп, оорукананын пайдубалы, гидроизоляциясы жана полду бетондоо жумуштары бүтүрүлдү. Андан сырткары откананын калка тосмосу орнотулуп бүттү. Азыркы учурда дубалын пеноблок менен тургузуу, чатырын орнотуу, терезенин кашектерин орнотуу, дубалды сыртынан жылуулоо, суу түтүктөрүн орнотуу жумуштары аткарылууда.

[su_image_carousel source=»media: 42416,42417″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>