Site icon Reporter.kg

Нарында жер титиреди

22-июль күнү саат 04:23 чамасында Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды.  Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3 баллга жеткен.

Жердин силкиниши Нарын районунун Ак-Кыя айылында — 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

 

Exit mobile version