Нарында Жерге-Тал айылынын тургундары жайыт талашып, митингге чыгышты — сүрөт, видео

Нарында Жерге-Тал айылынын тургундары жайыт талашып, митингге чыгышты — сүрөт, видео

Нарын районунун Жерге-Тал айылынын тургундары митингге чыгышууда. Бул тууралуу мааламытты «Репортерго» Жерге-Тал айылынын тургуну Мундуз Нурланбек уулу билдирди.

Маалыматка караганда, Жерге-Тал айылына тиешелүү Кумбел жайлоосун өкмөт башчы Мухамбеткалый Абылгазиев Кочкор районуна 10 жылга чейин берип салгандыгы чуу жаратууда.

[su_image_carousel source=»media: 28954,28953,28955,28956,28958,28959,28960″ crop=»none» autoplay=»4″]

«Себеби Жерге-Тал айыл аймагындагы эл ошол жайлоо аркылуу жан сактап келишет. Жай мезгилинде мал багып, жайлоону жайыт катары колдонушат.  Учурда айыл тургундары жана аксакалдар Кумбел жайлоосуна кеткен жолду тосуп, нааразычылык билдиришүүдө. Өкмөт мүчөлөрү бул нааразычылыкка көңүл бурбаса, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылабыз», — дешүүдө Жерге-Тал айылынын тургундары.

Айыл жаштары жана малчылар өкмөттөн калыс чечим кылып, Кумбел жайлоосун айылга кайрып берүүсүн суранышууда. Эгер Кумбел жайлоосун Кочкор районуна берилип кетсе, Жерге-Тал айылынын тургундары мал жанын кайда алып барып багаарын билишпей нааразы болушууда.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>