Site icon Reporter.kg

Нарында жеткинчектер арасында бокс боюнча мелдеш өттү

Нарын шаарында өспүрүмдөр арасында бокс боюнча ачык биринчилик өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш 1-ноябрь кыргыз милициясынын 99 жылдыгына карата Нарын шаардык милициянын башчысы Тынчтык Аалиевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен 4-5-ноябрь күндөрү өткөн.

Бокс боюнча биринчиликке Нарын шаарынан, Ат-Башы жана Нарын райондорунан келген 2009-2012-жылы туулган 110 бала катышып, 6 салмак боюнча күч сынашкан.

Мелдештин жыйынтыгы менен байгелүү орун алган спортчу балдарга медаль-сыйлыктар тапшырылган

«Спорт адамдын ден соолугун чыңдайт, сергек жашоого, денени чымыр алып жүрүүгө тарбиялайт. Бул ачык биринчиликке катышкан балдарыбыз келечекте Кыргызстандын желегин желбиреткен мыкты спортчу болушуна тилектешпиз», — деп билдирет облустук милиция.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version