Нарында жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 5 адам ооруканага түштү, — сүрөт  

Нарында жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 5 адам ооруканага түштү, — сүрөт  

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында Нарын районунун Эмгекчил айылында орун алган. Анда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 280-чакырымында (Эмгекчил айыл аймагы) «Тойота Авенсис» жана «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 58 жана 38 жаштагы 2 аял, 44 жаштагы киши каза болгон.

Мындан сырткары 2 бала 3 чоң киши жаракат алган.

Балдардын бири 3 жашта болсо, бири 1 жаштагы наристе. 

Окуя болгон жерге Нарын райондук өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана 1 өрт өчүрүүчү унаа, “Тез жардам” кызматынан 1 бригада тартылган.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдар Нарын облустук ооруканасына, каза болгон адамдардын жансыз денелери Нарын райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

[su_image_carousel source=»media: 41496,41497″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>