Site icon Reporter.kg

Нарында жугуштуу ооруларды дарылоо бейтапканасынын курулуш иштеринин 44% аяктады 

Нарын шаарындагы жаңы инфекциялык оорукананын курулуш иштеринин даярдыгы 44% түзөт. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бүгүнкү күндө объект боюнча 100%га фундаменттин чуңкурлары казуу жана шагыл-кум аралаш топурак менен түздөп, таптоо жумуштары, гидроизоляциялоо иштери менен от жагуучу бөлмөнүн темир-бетон жабууларын орнотуусу бүткөрүлгөн. Учурда, фермаларды жана имараттын темир тирөөчтөрүн орнотуу иштери, пеноблок менен дубалдарды тургузуу жана полду бетондоо жумуштары аткарылууда.

Бардыгы болуп 76 жумуш жана 7 керектүү атайын автомобиль техникасы тартылган.

Белгилесек, 2019 м2 жалпы аянты бар 70 орунга эсептелген оорукананын курулушуна «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун» тарабынан 36 млн сом каржыланды.

Exit mobile version