Site icon Reporter.kg

Нарында жырткыч жаныбарлар тургундарга 23,1 млн сом зыян келтирген

Нарында 2024-жылы жырткыч жаныбарлар тургундардын малына тийип, 23 млн 139 миң сом зыян келтирген. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Жырткыч жаныбарлар уй, топоздон 64 баш, чоң жылкыдан 148 баш, 220 баш тай жана 214 кой-эчкини жеп кеткен.

Атайын түзүлгөн иш-чаралардын негизинде жана мергенчилердин көмөгү менен облус боюнча 103 карышкыр, 1 бөлтүрүк, 181 чөө атылган.

Exit mobile version