Site icon Reporter.kg

Нарында №24 абакта өспүрүмдөр оор кылмыштарга айыпталган чоң кишилер менен чогуу бир камерага камалган

Нарын шаарындагы Жаза аткаруу кызматынын №24 мекемесинде соттолгондор менен шектүүлөрдү кармоо шарттары бузулганын билдирди. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор билдирди.

Аталган борбор тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында абакта кармалгандардын саны белгиленген чектен ашып кеткен. Тактап айтканда абакка 40 шектүү киргизилиши, 29-апрелге карата 56 адам камалган. Мекемедеги №13 камерада 4 адамга эсептелген орунга 10 адам кармалганы белгилүү болгон. Улуттук борбор бул мыйзамдарда белгиленген санитардык нормалардын бузулушуна алып келерин белгиледи.

Мындан тышкары, ар түрдүү категориядагы адамдарды кармоо шарттарына байланыштуу бир катар мыйзам бузуу учурлары катталган. Тактап айтканда, №2 камерада айыпталуучулар менен шектүүлөр чогуу кармалган.

Ал эми №2 жана №7 камераларда жашы жете элек өспүрүмдөр оор кылмыштар боюнча айыпталган чоң адамдар менен бирге кармалганы аныкталган. Бул өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратып, алардын укуктарын одоно бузуу экендиги айтылды.

Бул фактылар боюнча мыйзам бузуу актылары түзүлүп, Нарын облусунун прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Exit mobile version