Site icon Reporter.kg

Нарындагы Ак-Улак көмүр кени иштетиле баштайт

Нарындын Жумгал районунун Миң-Куш аймагында жайгашкан Ак-Улак көмүр кени иштетиле баштайт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, көмүр кени «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштетилет. Ал үчүн инвестиция тартылары күтүлүүдө.

Аталган маселе боюнча 23-августта облус башчысы Алтынбек Эргешовдун, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жана «Кыргызкөмүр» ишканасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда сүйлөшүүлөр болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version