Site icon Reporter.kg

Нарындагы «Ала-Тоо» мейманканасынын жер тилкеси мамлекетке өттү

УКМК тарабынан кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Нарын шаарынын борборундагы 0,32 га аянттагы «жалпы пайдалануудагы жерлер» категориясына кирген, буга чейин Нарын шаарындагы «Ала-Тоо» мейманканасынын администрациясы жанаша жайгашкан аймак катары пайдаланып келген жер участогу мамлекеттин балансына кайтарылды.

2007-жылы Нарын облустук сотунун коллегиясы тарабынан тийиштүү ыйгарым укуктары жоктугуна карабастан, прокуратура органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нааразылыктарын эске албай, жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен М.А. аттуу КР жаранына аталган жер участогуна ээлик кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыгарылгандыгы аныкталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында тартылган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын компетенттүү өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан «калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерин» жеке менчикке берүүгө тыюу салууну регламенттеген «Жер кодексинин» 78-беренесин бузуу фактылары аныкталган, бул Нарын облустук сотунун коллегиясынын ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы жана ал чыгарган жогоруда көрсөтүлгөн чечимдин укукка ылайыксыздыгы жөнүндө күбөлөндүрөт.

Аталган участоктун наркы мамлекеттик административдик имараттарга жакын жайгашкандыгын эске алуу менен 97 млн.сомго бааланган.

Керектүү юридикалык процедуралардан кийин аталган участок мыйзамда белгиленген тартипте Нарын шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version