Site icon Reporter.kg

Нарындагы катуу шамалдын кесепети

Нарын облусунда 23-майда саат 17:50 чамасында ылдамдыгы секундасына 10-25 метрге чейин жеткен шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча натыйжада Нарын районунун Эки-Нарын айылында турак үйлөрдүн чатырын учуруп, электр зымы үзүлгөн.

Ошондой эле Нарын шаарынын Шералиев көчөсүндөгү 2 турак үйдүн чатырын учуду.

Ал эми Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы Алты-Кашар тилкесиндеги 1 турак үйдүн чатырын, Ача-Кайыңды айылында 1 үйдүн чарбалык курулушунун чатырын учурган.

Нарын облусунда болгон шамалдын кесепетинен жабыркаган объекттер тууралуу 112 кызматына билдиришкен.

Жерине райондордун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам топтору тартылган. Учурда комиссия тарабынан такталууда. Кошумча маалымат берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version