«Ак-Талаа көмүр» мамлекеттик ишканасы Нарындагы көмүр кенин иштетүү үчүн потенциалдуу инвесторлорду издөөдө. Бул тууралуу 11-июлда Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин сайтында жарыяланды.
«Ак-Талаа көмүр» мамлекеттик ишканасы жер казынасын пайдалануу укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу максатында потенциалдуу инвесторлорду «Турук» көмүр кенин геологиялык чалгындоо жана иштетүү боюнча кызматташууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.
Арыздар маалымат жарыялангандан тартып 30 күн ичинде кабыл алынат. Ал үчүн Нарын облусу, Ак-Талаа району, Баетов айылы, Мырзалымбеков көчөсү, 16 дарегиндеги «Ак-Талаа көмүр» мамлекеттик ишканасына кайрылса болот.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш номери: +996 701 888 100
Биздин Телеграм каналга катталыңыз