Нарын облусундагы Ат-Башы — Кында — Торугарт жолундагы «Кында» ашуусу апрелде ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар мигистрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, учурда аталган жолдун 33-100-чакырымдар аралыгында кар көчкү жана кар күрткүсүн тазалоо иштери жүрүүдө. Каттамды 1-апрелде ачуу аракети көрүлүп жатат.