Нарындагы сүт завод толук кандуу иштебей жатат. Себеби эмнеде?

Нарындагы сүт завод толук кандуу иштебей жатат. Себеби эмнеде?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жумасына 15 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар завод Кыргыз Өкмөтүнүн колдоосу менен ачылган жана аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө чоң салым кошот.

Өкмөт башчы Нарын облсунун мал чарбачылыгындагы дараметин эске алганда, мындай объекттер  өнүгүүнүн негизги фактору болуп эсептелерин белгиледи.

Сырьёнун көлөмү жетишсиз болуп, завод толук кубаттуулукта иштей албай жаткандыктан, Мухаммедкалый Абылгазиев чийки заттын базасын көбөйтүү боюнча план иштеп чыгууну тапшырды. Өкмөт башчынын айтымында, зарылдыкка жараша сырьёнун жетишсиздиги боюнча маселени чечүү максатында кошумча лизинг жана насыялык линияларды ачуу шарт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>