Транспорт министрлиги Нарын облусундагы бузулган жол тууралуу түшүндүрмө берди.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга Нарындагы Ача-Кайыңды – Баш-Кайыңды жолу былтыр гана жасалып, жаздын келиши менен талкалана баштаганы тууралуу видео чыккан. Аталган видео коомчулукта кызуу талкууга алынган.
Министрлик билдиргендей, видеодогу жол — Ача-Кайыңды — Май-Босого жолунун 2-4-чакырымдар аралыгындагы тилке. Ал жер 2020-жылы «Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №957 Жол тейлөө мекемеси тарабынан асфальтталган. Быйыл жаздын келиши менен жер астына саркынды суунун топтолушунан улам жалпы 305 метр жерде жаракалар пайда болуп, жол бузулган.
Министрлик аталган тилке тез арада оңдолорун билдирди.