Нарындагы жер титирөөнүн күчү 4,5 баллга жетти

Нарындагы жер титирөөнүн күчү 4,5 баллга жетти

Бүгүн, 12-июль таң эрте Нарын облусунун аймагында жер титирөө болду. Саат 6:30 чамасында болгон жер титирөөнүн очогундагы күчү 4 баллга жетти, деп маалымдайт Сейсмология институту.

Жер титирөө Нарын районунун Кара-Булак айылында, Ак-Талаа районунун Орто-Сырт айылында 4 балл, Ат-Башы районунун Ак-Бейит, Казыбек, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ак-Талаа районунун Баетов, Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>