Site icon Reporter.kg

Нарындын борбордук аянтында милициянын заманбап пункту ачылды

29-июнда Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында милициянын заманбап аймактык пунктунун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милиция бөлүмүнүн ачылышына облус башчысы  Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын облустук милициянын башчысы Сапарбек Асаналиев, шаардык милициянын өздүк курамы жана башка коноктор катышкан.

«Шаардын борбордук аянтында  жайгашкан  милициянын аймактык пунктунда чет мамлекеттерден келген туристерди, эс алуучуларды, жалпы жарандарды тейлөө сапатын жакшыртууга, тийиштүү коомдук тартипти камсыз кылууга, эл менен тыгыз иштөөгө бардык шарттар түзүлгөн.

Милициянын аймактык пункту керектүү эмеректер жана кеңсе буюмдары менен жабдылган. Милиция кызматкерлери элдин кайрылууларын кабыл алып, тиийштүү жардамдарды көрсөтүүгө, укук бузуулардын алдын алууга багытталган иш-аракеттерди жүргүзмөкчү», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version