Site icon Reporter.kg

Нарындын Дыйкан айылында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Alcohol abuse concept. Hand gives bottle of alcohol to other hand. Stop alcoholism. Rejection. Vector illustration in flat style.

Ат-Башы районунун Дыйкан айылында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу райондук мусулмандар хатибиятына таянуу менен муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-март күнү Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылында спирт ичимдиктерин сатпоо жана сатып алууну токтоттуу максатында айылдагы дүкөн ээлеринен спирт ичимдиктерин сатып алышып, аны төгүшкөн.

“Дыйкан айылынын имамы Нуркалый Ибраевдин демилгеси менен айыл башчы жана айылдын жаштары спирт ичимдиктери сатылган эки дүкөндүн ээлери менен сүйлөшүп, андагы болгон спирт ичимдикдерин 19 миң сомго сатып алышып, жок кылышты. Айылдагы дүкөн ээлери мындан ары арак сатпоого убада беришкен. Бул иш-чараны айылдын эли жалпы колдошуп, арактын айынан жаштар бузулуп, үй-бүлөлөр ажырашып жаткандыгын айтышты”,— деп хатибияттан билдиришкен.

Exit mobile version