Site icon Reporter.kg

Нарынга өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунунда 5 тилкесинде болжолдуу 10000 м3 кар көчкү түшүп жол жабылгандыгына жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу 17-февралдан тартып, Нарын облусунун аймагына президенттин өкүлүнүн буйругунун негизинде Өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында Нарын шаардык №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочуу мамлекеттик борборунун 1 унаасы, №41 ЖТИден 1 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 самосвал, Суу чарба ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.

Мындан сырткары жогору аталган унаа жолдун 265 жана 314 чакырымында КР ИИМдин ЖКККБ тарабынан нөөмөт уюштурулган.

Алдын ала маалымат боюнча жабыргандар жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version