Америкалык аэрокосмикалык агенттик (NASA) Perseverance деп аталган аппаратынын Марска конуп жаткан учуру тартылган видеону жарыялады.
Видео 18-февралда «Кызыл планетага» ийгиликтүү конгон аппараттын бир нече жерине орнотулган камералар аркылуу тартылган. 11 чакырымдык бийиктиктен тарта баштаган камералар башка планетага жеткен эң чоң парашюттун ачылып жаткан учурун да видеого түшүрүп калышкан.
Your front-row seat to my Mars landing is here. Watch how we did it.#CountdownToMars pic.twitter.com/Avv13dSVmQ
— NASA’s Perseverance Mars Rover (@NASAPersevere) February 22, 2021
Perseverance диаметри болжол менен 49 чакырымды түзгөн Езеро кратерине конгон. Кезинде бул жер сууга толуп турган деген божомолдор бар.