Site icon Reporter.kg

Назира Айтбекованын “жөн эле ойлору” китеп болуп чыкты

Белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекованын “#жөнэлеойлор” аттуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу алып баруучу айым өзү инстаграм баракчасы аркылуу сүйүнчүлөду.

“Сүйүнчү! Урматтууларым, бүгүн жетине албай кубанып турам. Сиздердин шыкагыңыз, демиңиз менен #жөнэлеойлор аталышындагы китебим жарыкка чыкты. Тээ окуучу, студент кезде ыр түрүндө төгүлүп келет эле. Турмуш курганда жоголуп кетти. Жалгыз калганда кайра жалгыздыгымды кооздоп , кара сөз түрүндө келди. Жан дүйнөдөгү жараларымды сүрөттөп, жалгыздыгымды жазып , силер менен сыр түйүнүн чече берип ,бир китеп даяр болуптур. Мени тыңшап, ыйласам, кошо ыйлап, күлсөм, кошо күлүп, жазганымды окуп, жаныма жар болгонуңар үчүн рахмат. Менин дагы бир талантымды ойготтуңуздар. Ой толгоомду баалап, жакшы сөз айткан сайын жазгым келди. Дем — күч , кубат, шыкак алдым. «Китеп жаз! Алгачкы окурманың мен болом !» деген сайын коркпой, кадам таштадым! Ыраазымын силерге! Карыган кезде барактап, кандай жолду басканым, кандай сезимдерди татканым, кандай күндү жеңгенимдин көрсөткүчү болот”, — деп жазган Айтбекова.

Exit mobile version