Site icon Reporter.kg

«Некст Строй» компаниясынын өкүлү камакка алынды

Алдамчылыкка шектелген «Некст Строй» компаниясынын өкүлү камакка алынды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматына ылайык, шектүү 2018-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан «Жеңиш» паркын калыбына келтирүү үчүн айыл өкмөт менен 26 млн 663 миң сомго келишим түзгөн. Бирок ал 7 млн 900 миң сомду алып, келишимди аткарбай качып кеткен.

Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында издөөдө жүргөн «Некст Строй» өкүлү Т.Шерматов 15-февралда кармалган.

Биринчи май райондук сотунун чечими аны №1 убактылуу кармоочу жайга киргизүү чечимин чыгарган.

Exit mobile version