“Нерв болбошум керек” Кызматтан кеткен Жапыкеев үн катты

“Нерв болбошум керек” Кызматтан кеткен Жапыкеев үн катты

Мурдагы Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев ал жетектеген түзүмдүн жоюлуусу жана кызматсыз калуусу тууралуу үн катты.

Ал өз ишин так аткарганга аракет кылганы жана Финансы полициясынын кызматкерлерине ыраазы экендигин айткан.

“Урматтуу достор кече күнү Финполдун коллективи менен коштошуп, узатышты, колдон келишинче иштештик. Баарын тапшырып өткөрүп бергенче 4-5 күн өтүп кетти. Финполдун жамаатына ыразымын. Финполдун төрагасы катары элим, жерим жана өлкө үчүн таза, так иштегенге аракет кылдым. Эч жерден пара опузалап же коркутуу менен иш кылган жокмун. Акыркы төрт айда 800 млн. сом бюджетке нак өндүрдүк, көптөгөн иштер жасалды. Чоң — чоң кылмыш иштер боюнча экспертизалардын корутундусун күтүп аттык эле, баары оңой эмес”, — дейт Жапыкеев.

Мындан сырткары соңку жылда ден соолугу начарлап кеткенин билдирип, дарыгерлердин көзөмөлүндө, үйүндө жатканын кабарлаган.

“Мен соңку бир жылдан бери катуу нерв болуп жүрүп сахарым көтөрүлүп кетти. Врачтар карап жатышат, нерв болбошум керек, үйдө жатам. Ден соолук болбосо эч нерсе кереги жок экен. Достор акыркы күндөрү мени сындагандар көбөйдү, жок эмне чыкпайт, эмне митингдерге чыкпайт деп мени издегендер көп. Мен мамкызматкер катары митингке чыгып өз оюмду билдиргенге укукту эмес элем”, — дейт Жапыкеев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>