Site icon Reporter.kg

Ниязбеков: Милиция саясаттан тышкары болушу керек

Бүгүн, 27-сентябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков ишки иштер органдарынын жетекчилеринин алдына жол кыймылынын коопсуздугун сактоо, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу багытында жети тапшырма койду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аппараттык онлайн кеңешмеде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында көрүлүп жаткан чаралар, коронавирус илдетине бөгөт коюу үчүн кызматкерлер арасындагы санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышы жана туристтик сезондун жыйынтыгы боюнча ыкчам маселелер талкууга алынды.

Ошондой эле министр жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоону, профилактикалык иштерди күчөтүүнү, айдоочулар менен эл арасында түшүндүрүү иштерин ар дайым жүргүзүүнү тапшырды.

Министр төмөнкү жети тапшырманы койду:

1) Коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулуучу жерлерде коомдук тартипти камсыздап, укук бузууларды алдын алып, профилактикалык иштер күчөтүлсүн;
2) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ишке ашыруу үчүн эл арасында, айрыкча айдоочулар арасында жол кырсыктарын болтурбоону пропагандалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзсүн;
3) Эл аралык трассаларда, республикалык маанидеги жолдордо адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктарын болтурбоо үчүн атайын рейддер тынымсыз уюштурулсун;
4) Борбордук шайлоо комиссиясы, жер-жерлердеги аймактык шайлоо комиссиялары менен тыгыз иш алып барып, ИИОнун ыйгарымына кирген уюштуруу иштери боюнча жардам көрсөтүү маселелери колго алынсын;
5) Кызматкерлер шайлоо процесстерине аралашпасын, ал өзүнө гана тиешелүү кызматтык милдеттерин аткарсын жана жалпы милиция саясаттан алыс экендиги ар бир кызматкерге жеткирилсин;
6) Кызматкерлердин арасында эпидемиологиялык нормаларды сактоо, илдетке каршы эмдөөнү алуу маселеси биринчи жетекчилер тарабынан жеке көзөмөлгө алынсын. Эмдөөдөн атайылап өтпөй, жумуштан качуу үчүн медициналык кызматтардан атайын жараксыздыгы жөнүндөгү баракчыларды алып, милдеттерине салкын мамиле жасаган кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери колго алынсын;
7) Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу ыкчам маалыматтар берилсин, эгерде чындыкка дал келбеген маалыматтар болсо убагында төгүндөө же тактоолор өз убагында берилип турсун. Элге милициянын аткарган иштери тууралуу мезгил-мезгили менен чагылдырып турсун.

 

Exit mobile version