Site icon Reporter.kg

Ноокат — Кызыл-Кыя жолу оңдолот

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ноокат — Кызыл-Кыя унаа жолунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолдун азыркы абалы боюнча жарандардан бир канча арыздар түшкөн.

Президент Садыр Жапаров бул автожолду капиталдык оңдоону 2023-жылдын жаз айларында баштап, ошол эле жылдын күзүндө бүтүрүүнү тапшырды.

Ошол эле учурда оңдолгон жолдун сапаты бардык техникалык регламенттерге туура келиши керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version