Site icon Reporter.kg

Ноокат: Мечиттеги үгүттү милиция текшерүүдө

Журналист Жамалдин Парманкулов фейсбуктагы баракчасына Ноокат шайлоо окуругунан Жогорку Кеңешке аттанган Бакытбек Мариповду мечитте жолугушуу өткөрүп, үгүттөгөнү боюнча видеону жарыялады. Ал эми бул далилдерди милиция текшерип жатканын “Азаттыкка” Ноокат районунун акими Дамир Иманалиев билдирген.

Анда ал, «мечит үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган жайлардын катарына кирет. Азырынча маалымат иликтенип жатат. Мен Райондук ички иштер башкармалыгына, прокуратурага кабар бердим» — деген.

Жамалдин Парманкулов видео 9-ноябрда Чапаев айылындагы «Мулла Абдукахор» мечитинде тартылганын айткан.

Асамидин Марипов айыптоолорду четке кагып, каралоо катары баалаган.

 

Exit mobile version