Ноокат районуна өзгөчө кырдаал жарыяланды

Ноокат районуна өзгөчө кырдаал жарыяланды

Ноокат районунун аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу коронавирусту алдын алуу боюнча түзүлгөн ыкчам штабдан кабарлашты.

Анын алкагында автоунаалардын кыймылына чектөө коюлуп, массалык көп чогула турган объектилердин ишмердүүлүгүн токтотулду.

Мындан сырткары транспорттун бардык түрлөрүнө район аймагына кирип чыгуусуна чыгуусуна  чектөө киргизилди.

Бүгүн, 20-мартта Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев умрадан келген Ноокат районунун 3 тургунунан коронавирус табылганын айтты.

18-мартта Сузак районунун 3 тургунунан коронавирус аныкталган эле. Алар дагы Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келишкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>