Ноокат районунда үч адам коронавирус илдетинен айыкты

Ноокат районунда үч адам коронавирус илдетинен айыкты

Ноокат районунда үч адам коронавирус илдетинен айыкты. Бул туралуу райондогу аймактык оорукананы жетекчиси Асамидин Марипов билдирди.

Анын айтымында, бейтаптардан алынган соңку анализдердин жыйынтыгына ылайык, алардан оорунун белгилери табылган эмес. Учурда ал адамдарды ооруканадан чыгаруу маселеси каралып жатат.

Жалпысынан бул адамдар 15 күн дарыланышкан.

Бүгүн, 30-мартта Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дарыгерлер тобун өлкөнүн түштүгүнө жөнөтүү үчүн чогулган жыйында айрым бейтаптар коронавирустан айыгып жатканын айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>