Site icon Reporter.kg

Ноокат РИИБдин тергөөчүсү пара алып жатканда кармалды, — УКМК

Ноокат РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ноокат РИИБдин тергөөчүсү А.у.Т. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган кызматкер кылмыш жазасы менен коркутуп, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын токтотуп берүү үчүн арыз ээсинен 100 000 сом талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду.

Кармалган кызматкер козголгон иштин алкагында соттун чечими менен үстүбүздөгү жылдын 12-июнуна чейин камакка алынып, Ош шаарынын №5-тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул факты боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version