Ноокат, Ысык-Көл, Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында, 44 жаран арыз берди.
— №5 Ноокат округу боюнча — 12 талапкер, анын ичинен 1 аял,
— №36 Ысык-Көл округу боюнча — 20 талапкер,
— №29 Свердлов округу боюнча — 12 талапкер, анын ичинен 2 аял.
10-июнда үгүт иштери башталат.