Site icon Reporter.kg

Ноокат жана Өзгөндө укук бузуулардын алдын алуу боюнча семинар өттү

Ош облусунун Ноокат жана Өзгөн райондорунда 27-28-февралда укук бузуулардын алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Иш-чарага облустук милициянын жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилиги жана  райондук ички иштер бөлүмдөрдүн өздүк курамы катышты.

Семинардын негизги максаты укук бузуулардын алдын алуудагы жер-жерлердеги көйгөйлүү маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү жолдорун аныктоо болуп саналат.

Эскерте кетсек, 28-февралда Бишкекте «Коопсуз өлкө — туруктуу келечек» аттуу форум уюштурулду. Аталган иш-чара март айынын башында Ош облусунда өтөт.

Бишкекте “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аттуу форум өттү

Exit mobile version