Site icon Reporter.kg

Ноокатта 17 жаштагы кыз үйүндө асынып алды

Ош облусунун Ноокат районунда 17 жаштагы кыз асынып алды. Бул туурасында  Ош облусунун ички иштер башкармалыгы тастыкташты.

Бул  тууралуу билдирүү милицияга аймактык ооруканадан түшкөнү айтылат. Сөөктү маркумдун жакындары алып келишкен.

«Факты маалымат журналына катталган. 17 жаштагы кыз үйүндө асынып алганы белгилүү болду. Маркумдун денесинде көзгө көрүнгөн жаракаттар болгон эмес. Туугандары соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышты», — деп белгилешти ведомстводон.

Exit mobile version