Site icon Reporter.kg

Ноокатта 350 тонна мөмө-жемиш сактоочу логистикалык борбор курулду

Ноокатта «Ноокат алмасы» айыл чарба багбанчылык кооперативи тарабынан курулган алма сактоочу соода-логистикалык борбору ачылды. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.

Анын аянтты 1140 чарчы метр, сыйымдуулугу 1200 тонна. Курулушуна 141 млн сом жумшалды. 350 тоннага ылайык мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч, таңгактоочу линия, сорттоо жана жуугуч цехи бар.

«Ноокат алмасынын» 15 га жеринде интенсивдүү алма, 4 га жеринде гилас, 4 га жеринде жаңгак бактары бар. Көчөттөр Польша, Америка жана Турциядан алынып келинген.

Ишканада Италиялык шпалер системасы орнотулган. Бактар Израилден чыгарылган заманбап тамчылатып сугаруу системасы аркылуу сугарылат.

Exit mobile version