Site icon Reporter.kg

Ноокатта баасы 1 млрд 246,5 миң сом болгон жер мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Ноокат районунда «Улуу-Тоо» сымап кенине караштуу 381,74 га жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, 1998-жылы аталган жер Ноокаттын акимчилиги тарабынан «Р.У.Т.» компаниясына мыйзам бузуу менен берилип кеткен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 381,74 га жер мамлекетке кайтарылган. Анын баасы 1 млрд 246 млн 560 миң сомго деп бааланат.

Exit mobile version